ИИМ: Милиция кызматкери коменданттык саат учурунда сойкуларды ташып жүргөнү — калп

Автор -

Кечээ, 1-апрелде жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине Свердлов РИИБинин ыкчам кызматкери коменданттык саат учурунда унаа менен сойку кыздарды ташып бараткан жеринен кармалганы тууралуу маалымат жарыяланган. Бүгүн, 2-апрелде аталган маалымат боюнча ИИМ расмий билдирүү жасады.

«Бишкек шаарында коменданттык саат учурунда Свердлов РИИБинин ыкчам кызматкери өзүнүн жеке унаасы менен шаар ичинде кетип бараткан кезде кайгуул кызматы тарабынан токтотулган. Коменданттык сааттын талаптарын бузгандыгы үчүн учурда кызматкерге карата кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат. Айрым маалымат каражаттарына жарыяланган «милиция кызматкери сойкуларды ташып жүргөн» деген маалымат калп», — дешти мекеменин басма сөз кызматынан.

Ички иштер министрлиги жарандарга кайрылып, өзгөчө абал боюнча мыйзамдардын талаптарын бузбоону суранат. Ошондой эле жарандарды социалдык тармактар жана интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат. Чагымчыл жана башка жалган материалдарды таратуу үчүн мыйзамга ылайык жоопкерчилик каралгандыгын дагы бир жолу эскертет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү