Сүйүнчү! Ала-Букада эки адам коронавирустан айыкты

Автор -

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 2 адам COVID-19 илдетинен айыкты. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, коронавируска чалдыгып, дарыланып жаткан аял жана эркек ооруканадан чыгарылды.

30-мартта Жалал-Абад облусунун Сузак районунан 3 жаран  коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылганы кабарланган. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирус жуктургандар 116 адам болсо, анын бешөө аталган илдетти жеңди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү