Пакистанда 3 кыргыз жараны коронавирус жуктуруп алды

Автор -

Пакистандын Абботабад шаарында кыргызстандык үч жаран коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында КР ТИМ билдирди.

Маалыматка караганда, 61, 68 жана 70 жаштагы жарандар башка алты кыргызстандык, ошондой эле бир РФ жараны менен кошо Хайбер Пахтунхва провинциясынын Абботабад шаарында даават кылып жүрүшкөн.

«Азыркы учурда ооругандардын бирөөсү ооруканага жаткырылды, анын жанында үй-бүлөсүнүн мүчөсү бар (анда дагы коронавирус аныкталган). Үчүнчү жаран карантиндик аймакта дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бардыгынын абалы туруктуу деп бааланууда», -деп айтылат маалыматта.

Жогоруда көрсөтүлгөн жарандар Кыргызстандын Исламабаддагы Элчилигинде консулдук каттоого турган эмес, мекемеге жардам сурап өз алдынча кайрылган эмес.

Элчилик Пакистандын медицина мекемелери, ошондой эле укук коргоо органдары менен дайыма байланышып турууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү