Бишкекте эки ун комбинаты ишин токтотууга аргасыз болууда

Автор -

Бишкекте «Акун» жана «Бишкек ун комбинаты» ишканалары бүгүндөн баштап аргасыз жабылганын билдиришти. Буга өзгөчө абалдан улам кызматкерлеринин жумушка келе албай жатканы себеп болгонун аталган ишканаларга ээлик кылган «Акун» компаниясы «Фейсбуктагы» баракчасында жарыялады.

«Тегирменден ун тарткан, жүктөгөн өндүрүштүн кызматкерлери кезектеги ирет жолдо коюлган блокпосттордон өтө албай калышты. Уруксат кагаздарын алуу боюнча кайрылуу өткөн жумада тапшырылганын карабастан дагы эле берилген жок жана документтер жоголуп кеткени белгилүү болду, — деп айтылат билдирүүдө. — Мындан сырткары кампаларда ун тарткан соң улпактар батпай, бул өз кезегинде өндүрүштү улантууга мүмкүнчүлүк бербей жатат».

«Акун» компаниясы — өлкөдөгү эң ири ун өндүрүүчү ишканалардын бири.

Буга чейин Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев азык-түлүк менен камсыз кылчу өндүрүштүн кызматкерлери уруксат менен камсыз болгонун билдирген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү