АКШда коронавирустан улам эки жумада 10 миллион адам ишсиз калды

Автор -

АКШда жумушсуздук үчүн жөлөкпул сурап Эмгек министрлигине кайрылгандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти. Мекеменин 2-апрелдеги маалыматына ылайык, өткөн аптада 6 миллион 600 миң адам жардам сурады.

Андан бир жума мурун 3 миллион киши кайрылган болчу. Бул сандар эки жумада 10 миллион адам жумушсуз калганын көрсөтүүдө. Буга өлкөдө жайылып жаткан коронавирус себеп болду.

3-апрелдеги эртең мененки эсепке ылайык, АКШда COVID-19 вирусун жугузуп алгандар 244 миң кишиден ашты. Төрт миңдей адам көз жумуп, тогуз минден көбү айыкты. Бир катар штаттарда чектөөлөр коюлуп, миңдеген кызмат көрсөтүүчү мекеме-ишканалар жабылды.

АКШ Конгресси бир жума мурун экономиканы колдош үчүн 2 триллион доллар бөлүүнү чечкен. Мыйзамга ылайык, ортодон төмөн киреше тапчуларга 1000 доллардан, ар бир балага 500 доллардан материалдык жардам берилет.

АКШда жумушсуздук үчүн жөлөкпул сурагандардын эң көп саны 1982-жылы катталган эле. Анда бир жумада 700 миң киши көмөк сураган болчу.

Бөлүшүү