Дагы беш адамдан коронавирус чыкты, жалпы -130

Автор -
364

3-апрелде саат 10:00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 5 учур катталды. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Бүгүн эле 3-апрелге карата коронавирус жуктурганы аныкталган 9 адам тууралуу маалымдалган. Ошону менен сутка ичинде 14 жаңы учур катталды.

Бардыгы өлкө боюнча бул илдетке чалдыккандар — 130.
Айыккандар — бешөө, каза болгондор — бирөө.

Ооруканада жаткан бейтаптардын төртөө оор абалда, бир бейтап өпкөнү жасалма дем алдыруучу жабдыкка кошулган.

Бөлүшүү