Бишкек шаарынын тургундарына алдыдагы 7 күн үйдөн чыкпоо сунушталат. Мындай чакырыкты борбор калаа комендатурасынан ташташты.
Маалыматка караганда, жакынкы эки күндө коронавирус жуктуруп алган алгачкы оорулуулар менен байланышта болгон адамдардын инкубациялык мезгили аяктайт.
«Ошондуктан алдыдагы 7 күн бою үйдө калып, сыртка чыкпоону суранабыз», — дейт Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев.
Буга байланыштуу Бишкектин кошумча тилкелеринде кыймыл чектөөгө алынмай болду. Карантиндик аймак кеӊейип, кыймылды чектөө жана адамдардын, унаалардын топтолушун болтурбоо үчүн базарлардын жана супермаркеттердин жанында санитардык-карантиндик посттор коюлат.
«Өтө зарыл болгондо гана дарыканага жана азык-түлүк алып келгенге чыкса болот. Жаныӊызда паспорт жана маршруттук баракчаӊызды алып жүрүӊүз, ошондой эле беткап тагынып, колдоруӊузду антисептик менен тазалап туруӊуз», -деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, оорунун биринчи белгисинин пайда болушуна чейин өтө турган убакыт — 14-21 күн, Кыргызстанда алгачкы учур 18-мартта катталган.