Караколдо коронавирус аныкталган адам кошуналарын коноктогон

Автор -
341
@Алена Хоменко

Бүгүн, 6-апрелде Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында бир адамдан коронавирус илдети чыкканы маалымдалды. Республикалык штаб ал үй-бүлөсү менен обсервацияда экенин билдирди.

Turmush басылмасынын маалыматына караганда, илдет аныкталган 30 жаштагы Индияда 4 ай дааватта жүрүп, 22-март күнү Бишкек шаарына учуп келген. Бишкек шаарында 3 күн обсервацияга алынган. Алгачкы анализдеринин жыйынтыгынан коронавирус аныкталбагандыктан үй карантинге жөнөтүлгөн. Андан кийин кичи автобус менен Балыкчы шаарына келген. Ал жактан Каракол шаарына чейин такси менен жеткен. Учурда аны менен кичи автобуста канча адам болгону тууралуу маалымат жок. Ш.М. 30-мартта обсервацияга алынып, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын обочолонгон жайында болчу.

Алдын ала маалыматка караганда, Караколго келген күнү үйүнө кошуналарын конокко чакырган. Ошондой эле шаардагы кичи райондун бириндеги мечитке барып намаз окуган. Обсервацияга анын жубайы, 3 баласы жана эки балдызы дагы жаткырылды.

Учурда ал жашаган көп кабаттуу үйдүн алдына таштанды урналары коюлуп, жарыктандырылууда.