Ысык-Көл: «Кумтөр» ишканасы коронавируска каршы 100 000 доллар бөлдү

Автор -

Ысык-Көл облусундагы коронавирус инфекциясын алдын алуу жана жайылышын көзөмөлдөө иштерине Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жана «Кумтөр Голд Компани» ишканасы тарабынан финансылык жардам көрсөтүлүүдө. Бул туурасында облустук ыкчам штабынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан Ысык-Көл облусунун район, шаарларына жалпы 12 млн. сом акча каражаты каралды. Ал эми «Кумтөр Голд Компани» ишканасы тарабынан жалпы 100 000 доллар бөлүндү.

Аталган каражаттар облустагы саламаттыкты сактоо мекемелерине керектүү жабдыктарды, дары-дармектерди, жеке коргонуучу каражаттарды жана биринчи тартиптеги керектелүүчү медициналык буюмдарды сатып алууга жумшалууда.

Учурда облуста жалпысынан 3 адамдын коронавирус жуктурганы аныкталды. Алардын экөө Түп районунан болсо, бирөө Каракол шаарынан.