Бишкекте муктаж үй-бүлөлөргө 6 миң кап ун бөлүндү

Автор -

Бишкекте муктаж үй-бүлөлөр биринчи керектүү азык-түлүк топтомдору менен камсыздалат. Бул тууралуу калаа башчысы Азиз Суракматов билдирди.

«Шаардык бюджеттен дээрлик 15 миӊ жакыр үй-бүлөгө азык-түлүк топтомун − май, чай, кант, макарон, күрүч берүү пландалды. Муктаж адамдардын санын тактоо боюнча акимиаттарда социалдык кызматкерлер, үй жана кварталдык комитеттердин өкүлдөрүнөн турган райондук штабдар иштеп жатат. Алардын баары биринчи керектүү азык-түлүк топтомдору менен камсыздалат», — деди бүгүнкү маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов.

Анын айтымында, өкмөттүн чечими менен Бишкек шаарына көп балалуу жана муктаж үй-бүлөлөргө 6 миң кап ун бөлүнгөн, ундун 50 пайызы муктаждарга жеткирилди.

Бөлүшүү