Бишкек: коронавируска чалдыккандар канча киши менен байланышта болгону айтылды

Автор -
346

Коронавирус жуктурганы аныкталган 25 бишкектик жаран баш-аягы 270 киши менен байланышта болгон. Бул тууралуу калаа мэри Азиз Суракматов билдирди.

Анын айтымына караганда, бул 25 адам жакын туугандары болгон 66 адам менен жана бирге иштеген, дос-тааныштары болгон 204 адам менен байланышкан.

Мэр мисал катары эки учурду келтирди: «Биринчи учур – бир үй-бүлөдө эле таксист болуп иштеген жаран коронавирусун жуктуруп, өзүнүн ооруп жатканын билбестен үй-бүлөсүнүн 6 мүчөсүн – жубайын, кызын, күйөө баласын, эки уулун жана небересин – кошо ооруткан. Экинчи учур – башка үй-бүлөдө бир жаран 4 жакын тууганына ооруну жуктурган».

Учурда өлкөдө баш-аягы 228 жарандан илдет аныкталды.

Бөлүшүү