Мэрия: Ун таратууда туура эмес мамиле кылган кызматкерлер жазаланды

Автор -

«Дордой» базарынын жанындагы конушта жашаган муктаж үй-бүлөлөргө мамлекеттен ун таратуу тууралуу видеодогу кызматкерлер аныкталып, аларга сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу 7-апрелде Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев «Фейсбуктагы» жеке баракчасында билдирди.

Ал Муниципалдык аймактык башкармалыктын (МАБ) кызматкерлери барган конуштун тургундары менен өзү жолугуп, кечирим сураганын, ун таратылганын айтты:

«МАБдын ушундай мамиле кылган кызматкерлерине жана жетекчисине сөгүш жарыяладык. Акимге эскертүү бердик. Мыйзам чегинде жазасын алышат. Мындайды болтурбоого болгон күч-аракетибизди жумшайбыз».

6-апрелде Интернетте бир короодо батирде жашаган бир нече жакыр үй-бүлөгө жардам таратуу учуру чөнтөк телефонго тартылган видео тараган. Анда колуна кагаз, калемсап кармаган эки адам улам бирөөнүкүнө кирип, текшерип, «Унуңуз бар турбайбы» деп жатканын көрүүгө болот.

Кыргызстандын айрым аймактарында, анын ичинде Бишкек шаарында коронавируска байланыштуу өзгөчө абал киргизилип, мекеме-ишканалар убактылуу жабылган. Элдин көбү жумушсуз отурат. Мамлекет муктаждарга деп мамлекеттик резервден ун таратып жатат.

Бөлүшүү