Нарында коронавирус табылган адам обсервацияда жатканда үйүнө барып келген

Автор -
1184

Нарын облустук ооруканага обсервацияга 22-мартта жаткан бейтап бир күнгө үйүнө барып келген. Коронавируска каршы күрөш боюнча облустук штабдын мүчөсү Динара Жунусова бейтап үйүнө барган кезде анализи таза чыкканын билдирди, деп жазат «Азаттык».

Жунусованын айтымында, бейтап 22-мартта Казакстандан Нарынга келген. Дене табы жогору болуп, обсервацияга жаткырылган. Андан экспресс-анализ алганда таза чыккан. Ушундан улам ал 3-апрелде ооруканадан чыгарылган.

«Бирок Бишкекке жиберилген экинчи анализинин жыйынтыгы келгенде бул бейтап коронавирус жугузганы аныкталды. Азыр ооруканага кайра жаткырылган. Дарыланып жатат. Эми үчүнчү анализинин жыйынтыгын күтүп жатабыз. Балким анысы таза болуп калат», -дейт ал.

Өкүлчүлүктүн маалыматы боюнча сөз болуп жаткан бейтап — коронавирус илдети аныкталган Нарын облусундагы бешинчи адам.

Ал эми бейтап өзү Казакстандан келгенден кийин Нарындан алгачкы болуп коронавирус табылган, Пакистандан дааваттан келген киши менен бир палатага чогуу жатканын айтууда. Ал дарыгерлер «анализиң таза экен» деп ооруканадан чыгарган күнү үй-бүлөсүнө, тактап айтканда аялы менен эки кичинекей баласынын жанында бир күн болгон.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү