Министр: Түркиядан 35 миң тест-система келиши күтүлүүдө

Автор -

Кечээ Кыргызстанга Россиядан, Беларуссиядан тест-системалар келди. Бүгүнкү күндө биз 23,5 миң анализ жүргүзө алабыз, деп билдирди саламаттык сактоо министри С.Абдикаримов.

Анын айтымында, лабораториялар тоңдурулган биоматериалдардын анализдерин өткөрүү үчүн үч кезметте иштөөгө өтөт.

Ошондой эле, бул жумада Түркиядан 35 миң тест-система келиши күтүлүүдө.

Бүгүн, 7-апрелде өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 228 адамга жетти.
Алардын ичинен:
Бишкек – 25
Жалал-Абад облусунда – 80
Ош облусунда – 86
Ош ш. – 20
Баткен облусунда – 4
Нарын облусунда – 5
Ысык-Көл облусунда – 3
Чүй облусунда – 5.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү