COVID-19 жуктуруп алган дарыгерлерге кенемте төлөп берүү маселеси каралууда

Автор -

Бүгүнкү күндө COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган дарыгерлерге кенемте төлөп берүү маселеси каралып жатат. Бул туурасында бүгүн, 7-апрелде онлайн брифинг учурунда саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

«Кенемтенин суммасын комиссия аныктайт – бул бир жолку компенсация, ал эми өлүм учуру катталса, башка кенемте каралат»,
деп билдирди министр.

Анын айтымында, ушул күндөрү өзгөчө абал учурунда дарыгерлердин макамы тууралуу мыйзам Жогорку Кеӊешке кароого киргизилет жана алар тез арада оӊдоолорду киргизүүгө даяр.

Маалыматка караганда, учурда COVID-19 оорусун жуктурган дарыгерлердин саны 19 адамды түздү. Алардын бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүп, ооруканаларда жайгашты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү