Дагы 24. Жалпы коронавирус жуктургандар 270 адам

Автор -
333

8-апрелде өлкөдө коронавирус илдетин жугузуп алган 42 адам катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Алардын арасынан Бишкек шаарында- 10 (9 адам сырттан келген, 1 медицина кызматкери), Чүй облусунда — 2, Нарын облусунда -5 (3 адам жергиликтүү, 2 адам сырттан келген), Жалал-Абад облусунда -1, Ош облусунда -24 ( 8 адам сырттан келгендер, 16 жергиликтүү).

Жаӊы катталган 42 учурдун ичинен 13ү медицина кызматкерлери.

Жалпысынан өлкөдө инфекция жуктургандардын саны 270 адамга жетти.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү