Ошто жалпы аянты 250 чарчы метр үй күйүп кетти (фото)

Автор -

Ош шаарында турак үй толугу менен күйүп кетти. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 7-апрель күнү саат 19:30 чамасында Репина көчөсүндө жайгашкан №22 турак үйдөн өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен жалпы аянты 250 чарчы метр болгон түрак үй толугу менен күйгөн.

Жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Өрт өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм, өрттү өчүрүү штабы, башкармалыктын ыкчам тобу жана ККББнын ыкчам топ КБП (ППУ) унаасы менен тартылган. Мындан сырткары ИИМден 1 экипаж, медициналык тез жардам кызматынан 1 бригада жана РЭТ мекемесинен 1 бригада тартылган.

Өрт саат 20:20да чектөөгө алынып, саат 00:56да толук өчүрүлгөн. Учурда келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү