Коммуналдык кызматтардын баары 3 айга чейин өчүрүлбөйт жана ал күндөр үчүн туум кошулбайт. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.
Эскерте кетсек, буга чейин өкмөт учурдагы кырдаалды эске алуу менен кыргызстандыктардын жарыгын, газ, интернетин өчүрбөй турууну, коммуналдык кызматтардын убагында төлөнбөгөн акысы үчүн туум албоону сунуштаган.
Коронавирус илдетинен улам, 25-мартта Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген. Мындан улам, көптөгөн ишканалар, соода түйүндөрү жабылып, кыргызстандыктардын айрымдары убактылуу ишсиз калды.