Коронавируска чалдыккандардын тогузу оор абалда

Автор -

Учурда коронавирус илдетин жуктурган 241 адам ооруканада жатса, алардын тогузунун абалы оор. Бул туурасында бүгүн, 8-апрелде өткөн онлайн брифинг учурунда саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, 9 адамдын бешөө жандандыруу бөлүмүндө өпкөнү жасалма дем алдыруучу жабдыктын жана кычкылтектин жардамы менен дем алышууда.

«Бүгүнкү күндө 1097 адам обсервацияда жатат, ал эми үй карантинине 439 адам жайгаштырылган. Алардын тизмеси күн сайын көзөмөлдөп туруу үчүн укук коргоо органдарына жана үй-бүлөлүк дарыгерлерге берилди. Өлкө боюнча жалпы 25 бейтап коронавирус инфекциясынан айыгып, үйүнө чыгарылды. Бүгүн Жалал-Абад облустук ооруканадан дагы 10 бейтапты чыгаруу пландалууда», — саламаттык сактоо министри С.Абдикаримов.

[tds_warning]8-апрелге карата:
Жалпы жуктургандар — 270
Айыккандар — 25
Каза тапкандар — 4
Ооруканада жаткандар -241 (мунун арасынан он адам бүгүн үйлөрүнө чыгарылат).[/tds_warning]