ТИМ: Чет жакта жүргөн 23 кыргыз жаранынан коронавирус аныкталды

Автор -

Чет өлкөлөрдө жүргөн 23 кыргызстандык коронавирусту жуктуруп алган. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандык элчилиги жана консулдугу алар менен байланышып турат.

Коронавирус жуктурган кыргыз жарандары төмөнкү өлкөлөрдө:
Бириккен Араб Эмирлигинде — 3 (бирөө айыгып чыккан);
Пакистанда — 7;
Индияда — 1;
Испанияда — 1 студент (үй карантининде);
Малайзияда — 4 студент (бирөө айыгып чыкты, жакында үчөө дагы чыгарылат)

Ниязалиев билдиргендей, дүйшөмбү күнү Екатеринбургдан 17 кыргызстандык чартердик каттам менен келген. Экпресс-тесттин жыйынтыгы алардын жетөөсүндө коронавирус бар экенин көрсөттү. Экинчи тесттин жыйынтыгы күтүлүүдө.

Андан тышкары, 6-апрелде Казакстандан коронавирус жуктуруп алган 3 айдоочу алынып келинген. Алар дарыланууну мекенинде улантмакчы.

Ниязалиевдин айтымында, АКШда 8 кыргыз жараны илдетти жуктурууга шектелүүдө. Алар азырынча үйдө дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Кыргызстанда 9-апрелге карата коронавирус жуктургандардын саны 280ге жетет. Алардын ичинен 30 адам коронавирустан айыгып, 4 адам каза болду.