10-апрелге карата Кыргызстанда 5 дарыгер коронавирус илдетин жуктуруп алганы тастыкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.
Жаңы катталган беш учурдун төртөө Бишкек шаарында эмгектенген дарыгерлерден чыкса, бирөө -Чүй облусунда.
Жалпысынан илдетти жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 39 адамга жетти:
• Ош облусунда – 21
• Жалал-Абад облусунда – 8
• Бишкекте – 8
• Чүй облусу — 1
• Баткен облусунда – 1
Өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны -298.