Штаб: Пакистандагы кыргыз жараны жүрөк оорусунан улам көз жумган

Автор -

Буга чейин Пакистанда кыргыз жараны коронавирустан каза тапканы тууралуу маалымат чыккан. Республикалык штабдан бул маалыматты төгүндөштү.

Коронавируска каршы күрөшүү республикалык штабынын маалыматына караганда, 1947-жылы туулган У.А. аттуу кыргызстандыкта COVID-19 инфекциясы аныкталган, бирок ал жүрөк оорусунан каза тапкан.

«Көз жумган жарандын экинчи тесттеринин жыйынтыгы күтүлүп жаткан, ал карантиндик зонада болчу. Улгайган курагынан улам анда башка тубаса илдеттери да өрчүп кеткен. Маркумдун туугандарынын макулдугу менен сөөк Пакистанга коюлду», — дешет Штабдан.

Жалпысынан Пакистанда коронавирус инфекциясына чалдыккан Кыргызстандын 7 жараны бар. Бирөөсү каза болуп, алтоосу обсервацияда калууда.