Бишкекте терминалды уурдоого шектүү жарандар кармалды

Автор -

Бишкекте 61 миң 500 сому бар терминалды уурдаганга шектелип, 3 жаран кармалды. Бул тууралуу шаардын комендатурасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-апрелде Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө Т. Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анын Абдрахманов көчөсүнө коюлган терминалын белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген. Арыз ээси терминалдын өзү 1 500 доллар экенин, анын ичинде 61 миң 500 сом болгонун белгилеп, уурдап кеткен адамдарды таап, чара көрүүнү өтүнгөн.

Терминалды уурдаганга шектелип 1997-жылы туулган М.К., 1990-жылы туулганК.Ш. жана 1991-жылы туулган Ж.К. кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.