Жогорку Кеңештин депутаттары 15-апрель күнү сессияга чогулат

Автор -
296

Жогорку Кеңештин депутаттары 15-апрель күнү сессияга чогулат. Бул кабарды парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, депутаттар өкмөт мүчөлөрүнүн өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминдеги иштер, жазгы айдап-себүү иштеринин жүрүшү, чет өлкөлөрдөн кайта албай жаткан кыргызстандыктарды алып келүү тууралуу маалыматын угушат.

Коронавирус илдетине байланыштуу Кыргызстандагы 3 шаар менен 3 районго 25-марттан тарта өзгөчө абал режими киргизилген. Анын мөөнөтү 15-апрелде саат 08:00дө аяктайт деп жарыяланган.

Бүгүн, 13-апрелде биринчи вице-премьер-министр — Республикалык ыкчам штабдын жетекчиси Кубатбек Боронов президенттин кабыл алуусунда болуп, коронавирус илдетинин жайылышы боюнча кырдаалга байланыштуу айрым аймактарда өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин узартуу мүмкүнчүлүгүн кароо жөнүндө сунуш айтты.