Дагы 11 жаңы учур. Өлкөдө коронавирус жуктургандар 430 адам болду

Автор -
315

2020-жылдын 14-апрелине карата COVID-19 вирусун жуктурган 11 жаӊы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Н.Үсөнбаев билдирди.

Алардын ичинен ичинен:
Бишкекте – 8
Чүй облусунда – 1
Жалал-Абад облусунда – 2
Жаӊы учурлардын ичинен 6 аял, 5 эркек.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 430 адамга жетти.
Алардын ичинен:
Жалал-Абад облусунда – 93
Ош облусунда – 128
Ош ш. – 59
Чүй облусунда – 28
Бишкек ш. – 77
Баткен облусунда – 5
Нарын облусунда – 34
Ысык-Көл облусунда – 6.

Катталган учурлардын ичинен 230 аял, 200 эркек.