Бүгүн Жогорку Кеңештин эки комитетинин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев мурунку саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди жоопко тартууну сунуш кылды. Эл өкүлү экс-министрдин иш-аракетин чыккынчылык катары баалады.
«Бизде азыр согуштук кырдаал — өзгөчө абал жарыяланып отурат. Ушундай шартта шалаакылык кылуу — бул кылмыш. Аскер прокуратурасы аны жоопкерчиликке тартып, ишти иликтесин. Анын айынан реагенттер, жеке коргоочу каражаттар жок болуп калды. Бул кийинки министрлерге, орун басарларына да сабак болушу керек. Азыр бизди вирус эмес, кайдыгерлик, шалаакылык жок кылат», — деди Иманалиев.
Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 31-мартта кызматынан бошотулган. Анын ордуна 1-апрелде президенттин жарлыгы менен Сабиржан Абдикаримов дайындалган.
Жогорку Кеңештин профилдүү комитети 14-апрелде кыргыз өкмөтүнүн өзгөчө абал учурундагы иши тууралуу маалыматын угуп жатат. Күн тартибинде экономикалык, саламаттыкты сактоо, сырттагы кыргызстандык жарандарды мекенге алып келүү жана башка маселелер коюлган.
Депутаттарга 1-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жетектеген өкмөт мүчөлөрү маалымат берип жатышат.