Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын жугушунун жогорку чеги 20-24-апрелге божомолдонууда. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, азыркы түзүлгөн кырдаалда алдын-ала бир нерсе айтуунун өзү туура эмес. Бирок буга карабастан, Саламаттык сактоо министрлигинде башынан эле божомолдук топ түзүлгөн. Алар өлкөдөгү абалды божомолдоого бардык күч-аракетин жумшап жатат.
«Божомолдук топтун курамына алдыӊкы адистер, илимий-изилдөө бөлүмдөрүнүн жана академиялык мекемелердин окумуштуулары кирген. Дүйнө жүзү боюнча пандемиянын эпидемиялык көрсөткүчтөрү туруктуу түрдө каралып жатат. Биздин өлкөдөгү абалды божомолдоого бардык күч-аракеттерибизди жумшап жатабыз, эксперттик топтун акыркы тыянактарына ылайык, оорунун жогорку чеги 20-апрелден 24-апрелге чейин деп күтүлүп жатат. Буга эртерээк жетип, өтүп кетсек дейм, анткени андан ары сөзсүз түрдө төмөндөө болот. Бул оорунун алдын алууга өтүүгө көмөктөшөт, ал эми биздин жарандар азыр бардык чектөөлөрдү так сакташы зарыл, бул соӊку максатка таасирин тийгизет – коронавирус инфекциясын жугузуп алуу фактыларын жана механизмин үзүү», — деп билдирди саламаттык сактоо министри Нурболот Үсөнбаев.