Масалиев: Өкмөт башчы менен төрага атайын эсепке 30 млн. сомдон которсун

Автор -

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев өлкөнүн биринчи адамдары атайын эсебиндеги каражатын коронавирус менен күрөшүүгө жумшашы керек деген ойдо. Мындай пикирин ал бүгүн, 15-апрелде өткөн парламенттин кезексиз жыйынында билдирди.

Депутаттын айтымында, азыркы кырдаалда эсептеги акчаны кармап отуруу туура эмес.

«Бизде төрага менен премьер-министрдин 30 миллион сомдон атайын эсеби бар. Менин сунушум ошол акчаны коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган эсепке которуу керек. Адамдар 1000 сомдон топтоп жатса, биз 30 миллион сомду өзүбүз бөлүп алмак белек… Бийик кызматта отурган жетекчилер 30 миллион сомдон которуп берсин», — деди Масалиев.

Ал ошондой эле өзгөчө абал режими бүтмөйүнчө ЖК депутаттарынын маянасын гана калтырып, транспорт, командировка жана башка чыгымдардын акчасын атайын эсепке которуу керектигин кошумчалады.