Апрель-майда чет жактан эки миңдей кыргыз жараны алынып келинери айтылды

Автор -

Кыргыз өкмөтү айрым чет жактагы жарандарын алып келиш үчүн автобус жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал кайсы аймактарга автобус жөнөтүлгөнүн тактап айткан жок, бирок апрель-майда эки миңдей кыргыз жараны мекенине келерин кошумчалады:

«Новосибирскиде консул биздин адамдарга атайын барып, алар менен жолугуп жатат. Жакынкы арада каалоочуларды алып келүү маселеси чечилет. Пландалып, жогорку деңгээлде чечилди. Кээ бир жактарга автобустар жөнөтүлдү. Эки миңдей мекендешибиз апрель-майда өлкөгө алып келинет», — деди ал.

Коронавируска байланыштуу чек аралар жабылгандыктан мекенине кайта албай калган чет жактагы кыргызстандыктар маселеси 15-апрелде парламенттин жалпы жыйынында талкууланган негизги көйгөйлөрдүн бири болду. Өкмөт буга чейин 6 миң кыргызстандык мекенине алып келингенин, азыркы тапта дагы 4371 адам келе албай жатканын, алардын 2116сы Орусияда экенин билдирди.

Бөлүшүү