Бишкекте патрулдук милициянын унаасы жол кырсыгына кабылды (видео)

Автор -

Бишкекте патрулдук унаа менен кичи автобус сүзүшүп, айдоочулар жаракат алышты. Бул туурасында Бишкек шаардык комендатурасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 16-апрелде саат 06:20 чамасында Көлбаев-Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.

«Лада Приора» унаасы менен «Мерседес-Бенц Спринтер» кичи автобусу сүзүшүп, анын кесепетинен эки айдоочу тең жаракат алышты. Алар «Тез жардам» кызматы менен Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилди. Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда», — дешти штабдан.

 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү