Дагы 23 бейтап коронавирустан айыкты

Автор -

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган бейтаптардын жыйырма үчү айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын ичинен:
Ош ш. – 7
Бишкек ш. – 9
Жалал-Абад облусу – 7

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 114 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Стационарда – 370 бейтап дарыланып жатат, алардын ичинен төрт адам реанимацияда жатат.

Учурда илдет жуктуруп алгандардын жалпы саны 489 адамга жетти. Алардын бешөө каза тапты.

Бөлүшүү