COVID-19 илдетине чалдыккан ак халатчандардын саны 116 адамга жетти

Автор -
475

Бир сутка ичинде 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын ичинен Бишкек шаарында – 7, Ош облусунда – 4 (Ноокат районунда – 3, Өзгөн районунда – 1), Ош ш. – 1.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 116 учур катталды.