Ишкерлерге бет каптарды жана респираторлорду экспорттоого уруксат берилди

Автор -

Ата мекендик ишкерлерге коргоочу бет каптарды жана медициналык эмес респираторлорду экспорттоого уруксат берилди. Бул туурасында өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Ишмердүүлүгүн кайра багыттаган жана коргоочу бет каптарды өндүрүүнү жөнгө салган ата мекендик ишкерлерди колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 15-апрелде коргоочу маскаларды жана медициналык эмес багыттагы респираторлорду ЕАЭБ мүчө-мамлекеттерге экспорттоого тыюу салууну алып салуу жөнүндө чечим  кабыл алды.

Эми атамекендик ишкерлер 6307 90 980 0 ЕАЭБ ТЭИ БН коду аркылуу классификацияланган коргоочу маскаларды жана медициналык эмес багыттагы респираторлорду Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин экспорттолгон товар медициналык максатта колдонулбагандыгы жана медициналык буюм катары саналбай тургандыгы тууралуу расмий күбөлүгүнүн жана товардын Кыргыз Республикасында өндүрүлгөндүгү тууралуу сертификатынын негизинде экспорттой алат.