Коронавируска чалдыккандар менен 7,5 миң адам байланышта болгон

Автор -

COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны 7 593 адамга жетти. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, алардын 1 612 адамы жакын байланышта болгондор, 5 миң 981 адам башка байланышта болгондор.

Кыргызстан боюнча учурда обсервацияда 857 адам жатат. Калгандары үй карантининде.

Бүгүн, 17-апрелде коронавирус жуктургандардын саны 489 адамга жетти. Алардын 114 айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бешөө каза тапты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү