2020-жылдын 17-апрелине карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 23 учуру катталды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алардын ичинен:
Бишкек ш. – 14
Чүй облусу – 1
Ысык-Көл облусу – 2
Ош облусу – 4
Ош ш. – 2
Жаӊы катталган учурларда 15 аял, 8 эркек.
Бардыгы өлкөдө 489 учур болду.