Бүгүн, 17-апрелде, түштөн кийин Бишкекке Стамбулдан 212 жүргүнчүсү менен учак учуп келет. Бул туурасында республикалык штабдан билдиришти.
Алардын баары борбор калаадагы «Ак кеме» мейманканасына обсервацияга жайгаштырылат.
КР Өкмөтү чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча ишин улантат.
Буга чейин ТИМ дүйнө жүзүнүн 42 өлкөсүндө, анын ичинде Европа, Азия жана Түндүк Америка өлкөлөрүндө Кыргызстандын жарандары бар экенин билдирген. Аэропорттордо турган жана чек ара транзиттик чөлкөмдөрүндө мекенге келе албай жаткан жарандарга элчиликтер, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана эл аралык уюмдар тарабынан кеңештер жана практикалык жардамдар көрсөтүлүүдө.