Арашандагы ок атышуу. Үч адам кармалып, калганы изделүүдө

Автор -

Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылындагы атышууга катышкан 3 адамдын аты-жөнү такталды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар 36, 41 жаштагы А.Х.,А.Б. жана А.А. аттуу жарандар.

«Шектүүлөр Аламүдүн РИИБине керектүү тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилди. Калган катышуучулардын аты-жөнү аныкталууда. Окуяга катышкандардын бири денесинен жаракат алып, Чүй облустук ооруканасына жаткырылган. Ал адам квадрацикл менен келген адамдардын бири. Учурда соттук териштирүү улантылууда», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Буга чейин 18-апрель күнү саат 20:47 чамасында Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Арашан айылындагы постто белгисиз адамдар бир нече жолу ок атып, андан соң из жашырып кетишкени боюнча маалымат түшкөн. Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, саат 14:30 чамасында белгисиз 9-10 адам посттон квадрацикл менен өтүүгө аракет кылгандыгын аныкташкан. Жергиликтүү тургундар, ыктыярдуу кызматчылар аларды посттон өткөрбөй коюшкандыктан, алар жаңжал салып, бир нече жолу ок чыгарып, качып кетишкен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү