Бишкекте Аламүдүн суусунан эркек кишинин сөөгү табылды

Автор -

Бишкектеги Аламүдүн суусунан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кырсык тууралуу маалымат куткаруучулардын нөөмөт бөлүмүнө 20-апрелде келип түшкөн.

«12-кичи районундагы Аламүдүн суусунда азиат улутундагы 40-45 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 5 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти», — дейт мекеменин басма сөз катчысы.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү