Жакында менчик лаборатория коронавируска тест алып баштайт. Баасы

Автор -

Жакынкы күндөрү өлкөдөгү менчик лабораториялардын бири коронавируска тест алып баштайт. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 20-апрелде брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар республикалык борборунун базасында уюштурулган «Бонецкий» жеке лабораториясы коронавируска ПЧР тесттерди ала баштайт.

«ПЧР-тесттин баасын жана изилдөөгө кеткен бардык чыгашаларды эске алганда, анализ тапшыруу болжол менен 2000 сомду түзөт», — деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Н.Үсөнбаев.