Кара-Балтада прокуратура кызматкери коронавируска чалдыкты

Автор -

Кара-Балтада Жайыл районунун прокуратурасынын кызматкери коронавируска чалдыкты. Бул туурасында өз булактарына таянып, 24.kg жазып чыкты.

Ал адамдын жубайы дагы ооруп калганы белгилүү, деп билдирет басылма.

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынан бул маалыматты тастыкташкан. Дарыгерлердин айтымында, 32 жаштагы жаран оор абалда жатат.

«Бейтап 19-апрелде ооруканага жаткырылган. Учурда ал оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат», — деп билдиришкен редакцияга.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү