Акын Элмирбек Иманалиевди жерге берүү зыйнаты 22-апрелде болот

Автор -
330

Төкмө акын, комузчу Элмирбек Иманалиевдин сөөгү «Туңгуч» кичирайонундагы үйүнөн чыгарылат. Бул тууралуу анын күйөө баласы Мирзат Муканов «Фейсбуктагы» баракчасында билдирди.

«Атам эртең, саат 11де «Туңгучтан» чыгарылат. Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.
Бирок, бул чакыруу эмес. «Аз киши болсун» деп жатышат, туура түшүнөбүз», — деп жазылган баракчада.

Төкмө акын, комузчу, эл артисти Элмирбек Иманалиев 42 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтканы 20-апрелде кабарланган. Маалыматтарга караганда, ал кант диабети менен ооруп жүргөн.

Чыгаан акын Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. 13-14 жашынан баштап колуна комуз алып, чоң айтыштарга катыша баштаган Элмирбек Иманалиев бир нече республикалык жана эл аралык айтыштардын жеңүүчүсү, калк жактырып уккан бир нече обондордун автору.

«Айтыш» коомдук фондусунда көптөгөн жаш акындардын устаты. Кыргыз улуттук филармониясында, Чүй облустук драма театрында эмгектенген. Төкмөлүк акындан сырткары «Манас» эпосун айтып, дастандарды мыкты чеберчиликте аткарган. Ал ырчы, обончу катары «Аруузатым», «Булбулум», «Жалгыздыктан тажап бүттүм», «Коштошуу вальсы», «Мунарым», «Балкыма» сыяктуу эл оозундагы мыкты бир топ чыгармаларды жараткан.

2016-жылы Иманалиев Кыргыз эл артисти наамын алган. Биринчи жубайы, ырчы, маркум Гүлбү Ороскул кызы экөөнүн ортосунда эки кызы, эки небереси бар. Кийинки никесинен үч баласы калды.

Бөлүшүү