Ошто коронавируска чалдыкканын жашырган жаран 10 адамга оору жуктурган

Автор -

Ош шаарында коронавирус жуктурган жаран ооруганын жашырып, анын кесепетинен инфекция 10 адамга жуккан. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Ош шаары, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов онлайн жыйын учурунда билдирди.

Айтымында, ал жаран ушул айда Орусиядан келген.

«Ал эч кандай медициналык кароодон өтпөй, оорусун жашырып, үй-бүлө, бала бакырасына дагы вирус жугузган. Жаран жалпы 10 адамга вирус жуктурганы анык болуп, алар толук обсервацияга алынды. Биз анын дагы кимдер менен байланышта болгонун аныктап текшерип жатабыз. Анын үстүнөн кылмыш иши козголду. Ал жаран 280-берененин негизинде жоопкерчиликке тартылат», — деди комендант.

Жалпы облус аймагында ооруну жаап жашырган 3 адамга кылмыш иши козголгон.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү