Бириккен Араб Эмирлигиндеги Кыргызстандын жарандарын алып келүү үчүн 3 чартердик рейс уюштурулуп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Дубайдагы башкы консулдугу кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул каттамдар 26-апрель, 3-май жана 10-майда Fly Dubai компаниясы аркылуу ишке ашырылат.
Элчилик аэропортто учакка отурар алдында жүргүнчүлөр медициналык текшерүүдөн өтөрүн, коронавирус симптомдору катталбаган кыргыз жарандарына гана учууга уруксат берилерин эскертти.
«Авиабилет жана керектүү документтердин копиялары, же электрондук түрлөрү жаныңарда болсун. Аэропортко учуу убактысынан 3 саат мурда келүү кажет. Бет кап, кол кап кийип, дезинфекциялоочу каражаттар менен келиңиздер, аралыкты сактаңыздар»,- деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, 16-апрелде Башкы консулдук Fly Dubai авиакомпаниясы өз демилгеси менен 26-апрелге белгиленген Дубай — Бишкек каттамдары үчүн билеттерди сатып баштаганын, бирок учуу кыргыз тарап менен макулдашыла электигин маалымдаган.
Элчиликтин маалыматына ылайык, 430 кыргызстандык мекенине кайтуу үчүн кайрылган.