Кыргызстан боюнча 914 адам обсервацияда жатат

Автор -

Кыргызстан боюнча бүгүнкү күндө 914 адам обсервацияда жатат. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 8 842
— Жакын байланыштар (I категория) – 2 177
— Башка байланыштар (II категория) – 6 665

Изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн саны – 40 513
Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны – 39 615
Сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 2 125.

Бүгүн өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 631 адамга жеткени белгилүү болду. Алардын 302си айыгып чыкты. Стационарда – 321 адам калды, алардын ичинен реанимацияда 5 адам жатат. Каза тапкандар — 8.