Стамбулдан келген жарандардын кээсинен коронавирус табылды

Автор -

Өткөн жумада Стамбулдан алынып келинген кыргызстандыктардын айрымдары коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү брифинг учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, 17-апрелде Бишкекке 212 мекендеш чартердик каттам менен келген. Алардан коронавируска экспресс-тест жана ПЧР анализ алынып, «Ак кеме» мейманканасына обсервацияга жөнөтүлгөн. 19-апрелде үй карантининде отурууга милдеттендирилип, үйлөрүнө кое берилип баштаган. Арасынан 16 көлдүк жаран атайын автобус менен милиция кызматкерлеринин коштоосунда Ысык-Көл облусуна жеткирилген.

«Келгендердин баарынан лабораториялык анализ алынган. Арасынан COVID-19 жуктурганы тастыкталгандар дагы чыкты. Аларды ооруканада дарыланып жатышат. Калгандарына тыкыр медициналык көзөмөл жүргүзүп, изоляторго кармап кайра текшерип, жыйынтыгы терс экенин көрсөтсө үй карантинине чыгарабыз», — деди Үсөнбаев.

Ошондой эле ал жарандар 14 күн карантинге алынарын, анан дагы бир ирет лабораториялык анализ жасаларын кошумчалады. Ошону менен эле чектелбей, дагы 14 күнгө обочолонууга милдеттендирилип, жалпысынан 28 күнгө чейин медиктердин көзөмөлүндө болорун белгиледи.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 631ге жетип, анын 302си айыкты. Вирус сегиз кишинин өмүрүн алды.