20-апрелде Ноокат аймактык ооруканасынан коронавирус инфекциясы менен оор абалда келип түшкөн бейтап чыгарылды. Бул туурасында бүгүн, 24-апрелде Республикалык штабдан билдиришти.
Медицина кызматкерлери анын өмүрүн сактап калуу үчүн бир айдан ашык убакыт күрөшкөн.
Ноокат аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Дильшат Мамажановдун айтымында, Covid-19 илдети менен ооруган бейтапты дарылоо төрт этапта өткөн.