Олег Панкратов жаңы кызматка дайындалды

Автор -

Олег Панкратов Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен ЕЭКтин Бажы кызматташтыгы боюнча коллегия мүчөсү (министр рангындагы) болуп дайындалды. Бул тууралуу комиссиянын маалымат кызматы кабарлады, деп жазат Sputnik басылмасы.

Буга чейин Панкратов Кыргызстан президентинин кеңешчиси болчу. Бул кызматтан ал кечээ, 23-апрелде, бошотулган. Себеп катары башка кызматка өткөнү көрсөтүлгөн.

«Аталган орунда министр болуп иштеп жаткан Нурлан Акматов өз каалоосу менен кызматтан баш тарткандыгы айтылган», -деп жазат басылма.

Панкратов 1969-жылы 1-январда туулган. Биринчи билими физика, информатика жана эсептөө техникасы боюнча адис. Экинчи билими — юрист. Кыргызстанда эки ирет, 2015-2017-жылдары жана 2018-2019-жылдары экономика министри болгон. 2019-жылдын май айында өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Анда Панкратов өзүнө айтылган сындарга жооп кылып, министрликтен «жаштарга орун берүү» үчүн кеткенин айткан. Мындан көп өтпөй эле президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болуп дайындалган.

Евразиялык экономикалык комиссия — Евразиялык экономикалык биримдикти дайыма жөнгө салып турчу орган. Ал 2012-жылдын февралынан тарта иштеп келет. Курамына ЕАЭБге мүчө болгон Кыргызстан, Россия, Белоруссия, Армения, Казакстан кирет.

ЕЭКтин улуттук башкаруу органынын алдындагы атайын макамы бар. Чечим чыгарууда өкмөттөрдүн улуттук кызыкчылыгына эмес, биримдикке мүчө өлкөлөрдүн бардыгынын кызыкчылыгын коргоого таянат.

Бөлүшүү