Кыргызстандык он жаран Афганистандан мекенине кайтарылып, обсервацияга алынды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, алар бүгүн, 27-апрелде, Казакстан аркылуу Кабул шаарынан келишти.
«Көрсөтүлгөн жарандар ооган авиакомпаниясынын коммерциялык чартердик авиакаттамы аркылуу Алматынын эл аралык аэропортуна учуп келишкен. Ал жактан алар атайын унаа менен саламаттык сактоо кызматкеринин коштоосунда Бишкекке алынып келди», — деп айтылат маалыматта.