COVID-19: коргоочу каражат, дары-дармек алууга 188 миллион сом жумшалды

Автор -
292

Кыргызстанда коронавирус аныкталгандан бери 188,8 миллион сомго медициналык каражаттар алынды. Бул тууралуу Республикалык штабдагы брифингде Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элнура Боронбаева билдирди.

Саламаттыкты сактоо уюмунун алдын ала маалыматтары боюнча 188,8 млн сомдун ичинен 156,1 млн сомго жеке коргоочу каражаттарды алууга жана 32,7 млн сом дезинфекциялоо иштери үчүн концентраттарга сарпталды.

Региондор боюнча бөлгөндө:

• Ош облусу жана Ош ш. – 46,1 млн сом,
• Жалал-Абад облусу – 63,0 млн сом,
• Баткен облусу – 6,2 млн сом,
• Нарын облусу – 13,6 млн сом,
• Талас облусу – 3,5 млн сом,
• Чүй облусу – 12,9 млн сом,
• Ысык-Көл облусу – 8,1 млн сом,
• Бишкек ш. – 35,2 млн сом.

2020-жылдын 26-апрелине карата саламаттыкты сактоо уюмдарында төмөнкү ЖККнын калдыгы бар:

бир жолу колдонулуучу костюмдар – 46 523 даана;
көп жолу колдонулуучу костюмдар – 20 797 даана;
респираторлор – 58 475 даана;
бир жолу колдонулуучу беткаптар – 1 110 613 даана.

«Саламаттыкты сактоо уюмдарынын болжолдуу муктаждыгына карата бир айга 231,6 миң коргоочу костюмдар керектелет . Саламаттыкты сактоо уюмдарындагы калдыктарды эске алганда дагы кошумча 184,7 миң бир жолку коргоочу костюмдар керек болот, ал эми респиратор менен бир жолу колдонулуучу беткаптар жетиштүү санда», -деди Боронбаева.

Бүгүнкү күндө бейтаптар жана байланышта болгон адамдар менен иштеп жаткан саламаттыкты сактоо уюмдары үчүн бир айга 72 546 бир жолку колдонулуучу костюмдар жана 70 миң респиратор керектелет, алардын ичинен FFP3 жана FFP2 даражасы жогорулатылган коргоо респираторлорунан 32 400 даана болушу керек.

Бөлүшүү