Казакстанда өзгөчө абал режими 11-майга чейин узартылды

Автор -

Коронавирус пандемиясына байланыштуу коңшу Казакстанда өзгөчө абал режими 11-майга чейин узартылды. Мындай чечимди өлкө президенти Касым-Жоомарт Токаев кабыл алганын жергиликтүү маалымат булактары жазышты.

«Элибиздин азыркы абалына байланыштуу мен өзгөчө абал режимин 11-майга чейин узартуу тууралуу жарлык чыгаруу чечимин кабыл алдым. Казакстан коронавирустун туу чокусуна чыга элек. Мындан улам кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн деген коркунуч бар. Карантин чараларын бир убакта алып салсак, биз оорунун жаңы толкунуна туш болобуз. Оорунун коркунучу азайбайт. Коронавирус өтө жугуштуу жана адам ден соолугуна олуттуу коркунуч туудурат. Аны дээрлик бүткүл дүйнө билип жана сезип турат. Бул чечим учурдагы татаал чындыкка байланыштуу. Мыйзамга ылайык, эпидемиянын жаңы жапырт чыгышына жол берилбесе, өзгөчө абал 11-майда бүтөт», — деп кошумчалаган президент.

Казакстанда учурда вирус жуктургандардын саны 2791 адамга жетти. Алардын ичинен 682 жаран илдеттен сакайып чыкса, 25 адам каза болгон.

Бөлүшүү